7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда жер тилкелери мыйзамсыз берилген

533

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айрыбаз айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аяктады.

УКМКдан билдиришкендей, аталган айыл аймакта токтомдун негизинде КРнын 581 жаранына 95 га жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ошол эле учурда, жашабаган адамдарга жер тилкесин берүү фактылары, айрым райондук деңгээлдеги кызмат адамдарынын туугандарына берилген фактылар тергөөнүн жүрүшүндө аныкталып документтештирилди.

Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Айрыбаз айыл аймагынын башчысы, анын орун басары жана жер адисине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде каралган кылмышты жасаган деген айып тагылып, ээлеген кызматтарынан четтетилишкен. Учурда кылмыш ишин Кадамжай райондук соту карап жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

534