7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кадастр» ишканасынын Кара-Суу райондук филиалынын директору кармалды

488

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын директору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Ж.Р.Б. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар адамдар менен тил табышып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана жеке турак-жай куруу үчүн «Жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө» мамлекеттик актыларды мыйзамсыз бергендиги аныкталган.

Негизинен бул жерлердин категориясы алгач социалдык объекттерди жана айыл чарба багытындагы жерлерди курууга арналган.

Аны менен катар козголгон кылмыш иштеринин алкагында Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын 11 кызматкери ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

489