Кара-Балта шаарындагы «Кыргыз почтасы» ААКнын Жайыл райондук филиалынын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Алынган маалыматтар боюнча 2005-жылы айрым кызмат адамдары «Кыргыз почтасы» ААКнын административдик имаратын жеке адамга мыйзамсыз менчиктештирүүгө көмөк көрсөтүшкөн.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган имарат ыктыярдуу түрдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди. Объекттин сметалык баасы 500 млн сомду түздү.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантууда.