7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады 

189

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктап, жакындарыңыз менен бирге ден соолукта узун жана бакубат өмүр сүрүүңүздү каалайм.

Жакында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөн дос жана боордош Кыргыз Республикасы менен мамилелерибиздин өнүгүп жатканы мени абдан кубандырууда. Жалпы тарыхый жана маданий баалуулуктарыбыз менен бекемделген карым-катнашыбызды мындан ары да өнүктүрүү үчүн бизде өз ара эрк бар деп чын дилимден ишенем. Бул жагынан алганда, өткөн айда Бишкекке жасаган сапарым мамилелерибиздеги маанилүү этап болду деп ойлойм. Сизге жылуу меймандостугуңуз үчүн жана мага ыйгарылган I даражадагы мамлекетттик “Манас” ордени үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирем.

Учурдан пайдаланып, Сизди туулган күнүңүз менен дагы бир жолу куттуктап, Сизге ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми дос жана бир тууган кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

190