7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадыр Сайдилкан: «Мечит, мейманканаларды инвесторлор көтөрүп кетпейт, бизге кызмат кылат»

677

Социалдык тармактарда жаңы салына турган 5 жылдыздуу мейманкана , көп тармактуу комплекстин курулушу талкуу болууда. Бул тууралуу Кадыр Сайдилкан пикирин билдирди.

“Кечээтен бери, катуу талкуу болуп жаткан Нарын ресторанынын оордуна салына турган имаарат (отель, соода-көңүл ачуу жайы)жана Орто-Сайга курула турган мечит (20000 адамга ылайык) жөнүндө менден бир-эки ооз сөз.

Азыр инвестор жөнүндө ар түрдүү сөздөр айтылып, бийликке болгон сын пикирлер да катуу болуп жатат.

Ал инвестордун кантип акча тапканы, тазабы же булганыч иштердин аркасынан тапканбы ал башка, мени кызыктырбаган маселе. 

Ал Жараткандын алдында, дүйнөлүк мыйзамдардын алдында өзү жооп берет. 

Биз, дүйнө суктанган Азия арстандары болгон Дубай, Сингапур, Гонконг так ушундай инвесторлордун, өз өлкөсүн жеген коррупционерлердин булганыч акчаларына курулуп, өнүгүп, азыркы акыбалга жеткен. 

Айтууда $300 миллиондон ашык акча Нарын ресторанынын оордуна салынса, мечитке $51 миллион акча салынат деп жатышат.

Бул Кыргыз экономикасына түз инвестиция, миңдеген курулушчулар маяна алып, 10 миллиондогон акчалар курулуш материялдарына 10догон миллион салык катары өлкө казынасын толтурат.

Бүткөндөн кийин миңдеген Кыргыз жарандарына жумуш оорду түзүлөт жана жыл сайын миллиондогон салык казынага түшөт.

Инвестицияны жакшылап коргоп, шарт түзсөк мындай инвесторлор 100 дөп келишет. Жакынкы өлкөлөрдөн, Россия, Кытай, Казахстандан, Өзбекистан, Түркмөнстандан акчасын жашырган көп инвесторлор келет( келе берсин)

Айтайын дегеним эч бир зыяны жок !

Эгерде кимдир бирөө булганыч акчасына мечит куруп жатса-ал адам менен Жараткандын ортосундагы иш. Биз чеччү маселе эмес. Ал мечитти же отелди көтөрүп кетпейт. Бизде калат кылымдар бою кызмат кылып!

Ошондуктан көп эле ызырына бербегиле”,-деп билдирүү калтырган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

678