7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда издөөдө жүргөн УКТ мүчөсү кармалды

362

Россия Федерациясынын Челябинск облусунда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-мартта Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын К.А.В. аттуу жараны кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал жасалма документтерди жасоо жолу менен КРнын жарандыгын алууну көздөп жүргөн.
Шектүү Челябинск облусундагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп саналат, ошондой эле Россия Федерациясынын ФСБсы аркылуу Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162 (Каракчылык), 209 (Бандитизм), 222 (Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү), 226 (Куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу) беренелери боюнча бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Ошону менен бирге, ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 15 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык акчалай сыйлык үчүн КРнын жарандыгын алуу үчүн тиешелүү документтерди чогултуп жүргөн.

Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

363