7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент “Нарын” аэропортунун курулушунун сапатына өзгөчө көңүл бурууну талап кылды

454

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында “Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Мамлекет башчысы “Нарын” аэропортунун аэробекетинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анда курулуш иштери аяктоо алында турат.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов аткарылган иштер тууралуу Президентке маалымат берди.

Анын айтымында, аэропорттун имараттары жана курулуштары 1964-жылы, жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон – 1974-жылы ишке берилген.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын жазында аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларды оңдоо, калыбына келтирүү иштерин баштоо пландалууда.

Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жокутугунан аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган. Оңдоо иштери аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, ошондой эле Нарын облусуна ички каттамдарды жандандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ушул эле жерде Манасбек Самидинов учурда 2022-жылы башталган “Казарман” аэропортунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларды оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалымат берди. Долбоордун аяктоо мөөнөтү 2023-жылдын үчүнчү кварталына пландаштырылган.

“Казарман” аэропорту 80-жылдардын башында курулган, аэробекеттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 40-50 жүргүнчү.

Аэробекеттин имаратын оңдоо иштери акыркы жолу 2018-жылы жүргүзүлгөн.

Маалыматты уккан соң Мамлекет башчысы аймактардагы калктын жашоо шартын жакшыртууда аэропорттордун ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Өлкөнүн бардык аймактары менен аба байланышын жакшыртуу, өлкөнүн бардык аэропорттору толук кубаттуулукта иштеши үчүн аба каттамдарын өнүктүрүү зарыл.

Президент Садыр Жапаров курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, аларды талаптагыдай деңгээлде жүргүзүүнү жана долбоордун белгиленген мөөнөтүн так сактоону тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

455