7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кафелердеги 15% тейлөө акысы жокко чыгабы?

309

Кафе-ресторандарда тейлөө үчүн алынган 15% акы жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жатат.

“Мына биздин кафе-ресторандар 15% тейлөөгө деген төлөмдү каяктан чыгарып алышканын түшүнбөйм. Бирок буга байланыштуу биздин мыйзамдарда дагы тыюу жок экен. Азыр аны жокко чыгаруу боюнча мыйзамга толуктоо киргени жатат. Бул боюнча президенттин администрациясынан дагы көрсөтмө болуп, биз Юстиция министрлиги менен макулдашып, тиешелүү сунуш киргиздик. Негизи кардар каалабаган нерсени таңуулаганга эч кимдин акысы жок”, – деди Жээналы Орозбаев.

310