7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо мурдагы сот кызматкери пара алып кармалды

512

Каракол шаардык сотунун соттук отурумдарынын мурдагы катчысы 70 миң сом өлчөмүндө пара алганы үчүн кармалды.

Тактап айтканда, аталган жаран сот отурумдарынын катчысы болуп иштеп жүргөн кезде, Каракол шаардык сотунун судьясынын атын жамынып, жарандык иш боюнча оң чечим чыгарууга көмөктөшөм деген шылтоо менен жабырлануучудан опузалап акча талап кылган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, кармалган жаран Каракол шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка Каракол шаардык сотунун судьясынын катышы бар-жогу аныкталууда.

513