7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайдыгер болбой кайрымдуу бол… Кандай адамдар жардамга муктаж?

3336

Кайрымдуулук бул чоң сооптордун бири. Кыргыз эли эзелтеден колунан келген жардамын берип, боор тарткан кайрымдуу эл болгон. Ошондой эле, ал адамдын асылдыгын, улуулугун аныктап, коомдогу биримдикти, ынтымакты камсыз кылып турат.

Кандай инсандарга кайрымдуулук кылуу керек? Кимдер жардамга муктаж?

  • Ден-соолугу чың эмес, тез аранын ичинде оор операция кылдыруучулар болуп эсептелинет. Адамдын өмүрүн сактаганга себепкер болуңуз.
  • Майыптыгы бар адам. Ден-соолугунда маселеси бар, ишке жарамсыз буту-колу жок болуп калган инсандарга жардам берсеңиз жаңылбайсыз. Алар аргасы жок болгондуктан жардам сурашат. Садака бериңиз.
  • Үй-бүлөсү толук эмес , жарым же томолой жетим балдар. Бир эне көп баланы бакканда кыйналып калат, аларга жардам берүү сооп болуп саналат. Жетим балдар ѳзүн камсыздай турган куракка жеткенге чейин камсыздоого кѳңүл бурууга муктаж болушат.
  • Кары-картаңдар. Тилекке каршы, карылык үйүндө жашап жаткан ата-энелер дагы кайрымдуулукка муктаж. Карылар жаш балдардай көңүлү назик болуп калат деп айтылып келет. Аларга көңүл бөлүп,маанайын көтөрүп,жардам кылып бата алуу керек.

Белгилей кетсек, кайрымдуулук бул бир гана акча берүү менен ченелбейт. Андан тышкары гуманитардык жана социалдык жардам берсеңиз болот.

  • Гуманитардык жардам. Бул адамга эң керектүү нерселер, мисалы дары-дармек, тамак-аш, кийим-кече жана башкалар.
  • Социалдык жардам. Бул балдарды, карыларды, майыптарды, бир сөз менен айтканда, калктын начар корголгон катмарларын коргоого багытталган иш-аракет.

Кайрымдуулукту ишке ашыруунун түрлөрү:

  • Билим берүү, үйрөтүү жана кеңеш берүү (анын ичинде жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу);
  • Жашоого же иштөөгө шарт түзүп берүү (анын ичинде ар кандай пайдалуу курулуштарды куруп берүү);
  • Каражаттарды (анын ичинде акчалай) же материалдарды берүү;
  • Жумуш жазап берүү же кызмат көрсөтүү;
  • Чогуу иштешүү;
  • Дарылоо;
  • Маектешүү аркылуу моралдык колдоо көрсөтүү;
  • Араздашкандарды элдештирүү;

Ислам дининде кайрымдуулук төрт бутакка бөлүнөт:

  • Муктаждарга садака, белек түрүндө ар кандай пайдалуу нерселерди бекер берүү;
  • Зекет берүү;
  • Бир нерсени карызга үстөгү (пайызсыз) жок берүү;
  • Вакф, башкача айтканда түбөлүктүү (же көп убакытка) пайдасы тийе турган нерсени (адатта кыймылсыз мүлктү) биротоло бекер берүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3337