Бишкек шаарындагы билим берүү уюмдарында окуу процессин оптималдаштыруу максатында Министрлер кабинетинин № 401 токтому менен башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына окуу сабактарын эртең мененки саат 10:00дөн эрте эмес баштоо сунушталган.
Бишкек шаарында 121 мектеп жайгашкан, аларда 228 009 бала билим алат. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен окуу процессин эртең мененки саат 10:00дөн эрте эмес баштоо сунушталды.
Учурда иштеп жаткан 121 муниципалдык мектептин ичинен 44 мектеп эртең мененки саат 7:30дан баштап окутууга которулган. Бул мектептердин жалпы санынын 42% түзөт. ЖОЖдордун негизги бөлүгү эртең мененки саат 10:00дөн баштап окууга өтүштү.
Жүзөгө ашкан иш-чаралардын натыйжасында төмөнкүдөй алдын ала жыйынтыктар алынды:
1. Мектеп окуучуларынын кеминде 40% (болжол менен 80 миң окуучу) эртең мененки саат 6:30дан таңкы 7:00гө чейин окууга кетишет. Калган 60% 07:00дөн 7:30га чейин мектепке камына башташат. Бул өз кезегинде көчө-жол тармагына күч келтирген жеке автотранспорт (балдарын мектепке алып бара жаткан ата-энелер) жана коомдук транспорттогу жүктөмдү бирдей бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берди.
2. ЖОЖдордун студенттерин эртең мененки саат 10:00дөн баштап окутууну киргизүү коомдук транспорттогу жүргүнчү агымын азайтууга мүмкүндүк берди. Анткени студенттердин көбү эртең мененки саат 9:00дөн баштап окуу жайына бара башташты. Учурда студенттердин 30% га жакыны жеке унааларга ээ. Буга байланыштуу, жеке менчик автотранспорттон көчө-жол тармагына келген жүктөм дагы 30% га кыскарды деп болжолдоого болот. Бул 25-30 миңдей унааны түзөт.
3. Ошол эле учурда коомдук транспорт түнкү саат 24.00 гө чейин иштейт.