Казакстандын Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүдө.
Мелдештин үчүнчү күнүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстан медалдардын саны боюнча үчүнчү орунда келе жатат. Учурда өлкө куржунунда 38 медаль бар. 10 алтын, 13 күмүш, 15 коло.
Биринчи сапта жайгашкан Казакстан 69 медаль алды. Экинчи орундагы Өзбекстан 32 медаль утту. Төртүнчүдө Россия — 37 медаль, 5-орунду 11 медалы менен Иран ээледи.
Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин созулат.