Жумгал районунда жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысы боюнча бир катар мамлекеттик кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Алардын арасында райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, ЖӨБОнун башчысы жана орун басары, ошондой эле Жумгал районунун бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери бар.
Бул кызматкерлердин кармалышына Чаек, Байзак айыл аймактарындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү болгон, жалпы аянты 2,84 га бааланган 95 млн.сомдук жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары себеп болгон.
Жумгал райондук жерге мунапыс боюнча комиссиянын курамына киргизилген кызмат адамдары президенттин «Жерге мунапыс жөнүндө» Жарлыгын жана башка ченемдик укуктук актыларын бузуу менен, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Кызыкдар жактар менен алдын ала сүйлөшүп алып, жасалмалоо жана расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен 20 жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен.
Жергиликтүү тургундардын ичинен бул участоктордун ээлери 2022-2023-жылдары турак үйлөрдү куруу үчүн пайдубалдарды тургузушкан. Көрсөтүлгөн адамдардын мындай аракеттери жергиликтүү калктын айрым бөлүгүндө нааразычылыктар пайда болгон.
Учурда тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.