7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайра жаралган дөңгөлөктөр. Токмокто өндүрүш жанданды

224

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын Токмоктогу филиалы — Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводу муздак жана ысык ыкмалар менен жүк ташуучу дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Кумтөр билдирет.

“Беш жылдан ашпаган мөөнөтү бар, металл каркасы бузулбаган дөңгөлөктөр гана кайра жарактуу. Дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн дөңгөлөктөрүн 1 млн чакырымга чейин беш ирет калыбына келтирсе болот, ал эми Россия жана Кытайдан чыккан дөңгөлөктөр 300 миң чакырымга чейин бир жолу жаңыртылат”, — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта муздак ыкма тесттик режимде ишке берилди. Ысык ыкманы колдонууга даярдык жүрүп жатат. Калыбына келтирилген дөңгөлөктөрдүн биринчи партиясы Кумтөр кенинде тесттик колдонууга жөнөтүлгөндүгү айтылды.

225