Президент Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 13-мартта, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы «Кайрагач» жана «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандантуу аземине видео байланыш режиминде катышты.
Иш-чара Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрмө пункттарынын ишин жандандырууга толук даяр экендиктерин билдиришти.
«Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» көзөмөл-өткөрүү пункттарына эки өлкөнүн чек арага чектеш облустарынын жетекчилери жана орун басарлары катышты.
Кыргыз тараптын докладынан кийин Садыр Жапаров көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин баштоого буйрук берип, андан соң кыргыз тараптан шлагбаумдар көтөрүлдү.
Андан соң Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Тажикстандын аймагындагы көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишин жандандырууга буйрук берип, шлагбаумдар көтөрүлдү.
Белгилей кетсек, «Кайрагач» жана «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы соода, экономикалык кызматташтык жана достук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.