7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайрат Итибаев: Бизнес маданияты жогоруласа, инвестициялар да келе баштайт

602

Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев: Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен мамлекет жана бизнес ортосундагы мамилелер жазалоочу тартиптен кызматташуу маанайына өзгөрүп баратканын колдоо гана керек, чарбалык маселелерди декриминалициялаш керек. Акча бар жерде дайым чыр да болот, бирок кайсы бир эрежени бузган ишкерлерге дароо эле кишен салып, ага террорчу же киши өлтүргүчкө жасалгандай мамиле кылбаш керек.

Ички иштер органдары көбүрөөк аналитикалык иштерге көңүл буруп, жалпы эле кылмыштын санын кантип азайтса болоорун иликтеш керек жана ошондой иликтөөнүн жыйынтыктарын кантип ишке ашыруу мүмкүн экени тууралуу ойлонуш керек. Жалаң эле жеке менчик бизнес эмес, алардын кооперативдерге биригишин дагы колдош керек жана ошол ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүүдө Соода-өндүрүш палаталарынын мааниси зор. Эгер ошондой палаталар жакшы иштесе, жеке ишкерлердин маселелери бир топ жеңилдейт эле…

603