Өлкөдө калктын 52%ы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болсо, анын жарымы инсультка туура келет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева билдирди.
«Бейтап бир учурда эки колун өйдө көтөрө албайт, бир колу күчсүз болот. Ошондой эл, ал сүйлөө речи бузулуп, тушүнүксүз сүйлөп калат. Мындай учурда дарыгерде оорулунуу аман сактап калуу үчүн 4-5 саат гана убактысы болот. Мындай жөнөкөй ыкмалар менен инсультка кабылган адамда мээнин кан тамыр оорусун аныктоого болот», — деди Ибраева.
Дарыгер белгилегендей, инсульттун эң биринчи белгилери адам күлө албай калат, ооздун бир учу ылдый болуп, жылмая албай калат.
Ал калкты сапаттуу тейлөө үчүн облустук ооруканаларга компьютердик томографтар орнотулганын кошумчалады. Ошентип, 5 облустук оорукана мээнин кан тамыры бузулган бейтаптарды аныктоого жардам бере турган жабдыктар менен жабдылган.
«Мээнин кан тамырынын курч оорусу ар бир үй-бүлөдө болушу мүмкүн, андыктан аны кантип таанууну ар бир адам билиши керек», — деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, Бишкекте мындай бейтаптар Улуттук госпиталда дарыланат.