Кореялык Netflix кинокомпаниясы тарабынан тартылган «Игра в кальмара» сериалынын жаратуучулары аталган тасмадан 900 миллион долларга чукул киреше табууну көздөшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Netflix сериалды тартууга 21 миллион 400 миң доллар сарпталган. 132 миллионго жакын адам сериалдын алгачкы 23 күнүндө тасманын кеминде эки мүнөтүн көргөн. Жалпысынан адамдар шоуну көрүү үчүн 1 миллиард 4 миллион сааттан ашык убакыт коротконун айтышат.
Ошондой эле бул сериал кыска убакыттын ичинде бүткүл дүйнөдө атактуулукка жетти.
Белгилей кетсек,»Игра в кальмара» 9 бөлүмдөн турат. Байлар тарабынан уюштурулуп, карызга баткан карапайым адамдардарга чоң суммадагы акча коюлуп, ал оюн жеңилген адамдардын өлүмү менен коштолуп отуруп, акырында 1 гана адамдын аман калганы баяндалат.