Президенттин Администрациясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын Президенттин Администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы “А.Т.Б.” экендиги аныкталган.
«А.Т.Б.» кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда алуу максатында, соттолгон адамдын маселесинин оң тарапка чечүү жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп “С.Н.” аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды.
«2021-жылдын 18-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 170 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен “А.Т.Б.” кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө жүрүүдө», — деп берилет маалыматта.