7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камбар-Ата ГЭС-1 объектисинде инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча конкурс жарыяланды

8

Энергетика министрлигине караштуу «Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам» долбоору Камбар-Ата ГЭС-1 объектисинде инженердик-геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча конкурс жарыялагандыгын маалымдайт.

Тендер эки пакеттүү ыкма менен чектөөсүз ыкмада жүргүзүлөт. Максаты – Камбар-Ата ГЭС-1 объекти жайгашкан аймакта инженер-геологиялык изилдөөлөрдүн комплекстүү иштерин жүргүзүү.
Конкурс жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар порталына 2026-жылдын 5-февралында жарыяланды.

Тендерге сунуштарды берүү үчүн акыркы мөөнөт – 2026-жылдын 23-февралы, саат 14:00 аяктайт. (Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу).

Бардык кызыкдар тараптар предзакупка жыйынга (объектти көрүү) катышууга чакырылат. Жыйын 2026-жылдын 12-февралында саат 09:00 Камбар-Ата ГЭС-1 объектисинде өтөт.

Конкурска Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана конкурс талаптарына жооп берген бардык кызыкдар жана квалификациялуу уюмдар катышса болот.

9