7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчаткада бир суткада 41 жер титирөө катталды

466

Камчаткада төрт баллга жеткен жер титирөө уланууда, акыркы суткада 41 жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«24 сааттын ичинде 41 жер титирөө болду. Анын сегизи калктуу конуштарда 2 баллдан 3 баллга чейин сезилди»», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бир күн мурун жарым аралда сутка ичинде 49 жер титирөө катталган.

Ал эми 30-июлда Камчаткада 1952-жылдан бери эң катуу, күчү 8,8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жердин силкинүүсү Түндүк Курил аралдарында да 8 баллга чейин сезилген. Камчаткада жана Түндүк Курил районунда цунами коркунучу жарыяланып,өзгөчө кырдаал киргизилген. Цунаминин төрт толкуну порт инфраструктурасын жана башка объектилерди жарым-жартылай жабыркаткан.

467