7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчы Көлбаев ар кандай саясий процесстерге таасир этип турган

2997

Камчы Көлбаев ар кандай саясий процесстерге таасир этип турган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кримтөбөл Көлбаевдин 60тан ашык кымбат баалуу унаалары камакка алынды.

«Криминалдык абалы жана чексиз каржылык ресурстары, ошондой эле жазасыз калуусу акыркы жылдарда, заманбап укуктук мамлекетте жол берилгис, өлкөдөгү саясий процесстерге таасир этүүгө мүмкүндүк берип, улуттук коопсуздукка олуттуу коркунучтарды жараткан. Асанбектин тобунун криминалдык мүмкүнчүлүктөрүнөн чочулап, айрым адамдар, анын ичинде чоң кызматтагылар, саясатчылар анын таасир астында калып, кээ бирлер өздөрү криминалдык авторитеттин “достугуна жана колдоосуна” умтулушкан. Криминалдык абалы жана анын кылмыштуу иш-аракеттери анын мыйзамсыз түрдө байып кетишине жана долларлык миллионер болууга, ал эми жакындарына жана жан-жөкөрлөрүнө мыйзамдуу түрдө ээ болушу үчүн реалдуу каржылык мүмкүнчүлүгү жок болгон кымбат баалуу мүлктөргө, анын ичинде чет өлкөдө да ээлик кылууга мүмкүндүк берген. Анын жан-жөкөрлөрү өздөрүнүн кылмыштуу мүлкүн коргоо үчүн коопсуздук агенттиктер деп ачып, заманбап ок атуучу куралдар жана техникалар менен жабдылган куралдуу топторду түзүшкөн, жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштеринин алкагында алар толугу менен алынды»,- деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2998