7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев 3 эм төрөлгөн үй бүлөгө белектерди тапшырды

376
Бүгүн, 24-ноябрда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын март айында 3 эмдүү болгон Жалал-Абад шаарынын тургуну Ойбек Ахмедов жана Фатима Исматовалардын үй бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 000 сом акчалай белек жана Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан батирлеринен 3 бөлмөлүү батирди кезексиз берүү сертификатын тапшырды.
Бул үй бүлө өздөрунун жеке турак жайы жок болгондугуна байланыштуу ата-энесинин үйүндө, көпчүлүк болуп жашап келгенин айтат. Үй сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Камчыбек Ташиевге кайрылган жана кыска убакытта кайрылуусу кабыл алынган.
Учурда Ахмедовдордун жалпы 7 баласы бар. 3 эмдин экөөсү уул, бири кыз.
377