Кечээ, 23-ноябрда Балыкчы шаарында туристтерге жардам берген борбор ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан маалымдады.
Бул борбор Ысык-Көл облусунда туризмди өнүктүрүүдө маанилүү элемент болуп эсептелет.
Ал туристтерге Ысык-Көлдөгү өздөрүнө ылайыктуу пансионат, тоо лыжа курортторун табууга көмөк көрсөтөт. Мындан тышкары, жарандарга жумуш орундары түзүлүп, экономикалык өнүгүүгө салым кошот.
Борбордон коноктор пансионат, курорттук жайлар тууралуу маалыматтарды ала алышат. Анда эс алуу жайы, сувенирлер сатылган чакан дүкөн, даараткана, унаа токтотуучу орундар жана электромобилдерди кубаттоочу станциялар болот.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду мындай борборлор Түп, Теплоключенка, Тосор жана Бөкөнбаев айылдарында да ачыла турганын кошумчалады.