7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев 7 балалуу энеге жаңы турак-жай куруп берди (ФОТО)

708

Сузак районунун тургуну Орунбү Маматованын мындан үч ай мурун 7 баласы менен авариялык абалдагы эки бөлмөлүү үйдө жашап жатканы тууралуу видеотасма социалдык тармактарга тараган. Андан соң, көп балалуу эне «Регион» телеканалы аркылуу коомчулуктан жана Камчыбек Ташиевден жардам сурап кайрылган.

Эненин үнү Камчыбек Ташиевге жетип, маселе оң тарапка чечилип, анын демөөрчүлүгү жана көзөмөлү астында, көп балалуу энеге Кызыл-Туу айыл аймагынан жер тилке бөлүнүп, бир ай аралыгында жаңы үй курулду. Бүгүн, 6-ноябрда, УКМК төрагасы ак өргөнүн ачкычын Орунбу Маматовага тапшырды.

Мындан 4-5 жыл мурун Маматованын уулу жана жолдошу кайтыш болуп калган. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары дагы бул үй-бүлөдөн кабар алып тураарын айтты.

Жаңы тамдын ачкычы жана тийиштүү документтери жергиликтүү тургундардын, аксакалдардын катышуусунда өттү. Турак-үйлүү болгон энеге жана демөөрчүлүк кылган Камчыбек Ташиевге аксакалдар ак батасын беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

709