Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын Боз-Чычкан айылында эки окуучу каза болду. Бул маалыматты айыл өкмөт башчы Нурлан Сейитбеков Turmush басылмасына тастыктады.
Анын айтымында, 12 жана 8 жаштагы балдар атты сугарганы чыгышкан.
«Ат тайып, эки өспүрүмдү басып калган. Тилекке каршы, алар аттын алдынан чыга албай калышыптыр. Алар ага-ининин балдары болушкан. Улуусу 6-класста, кичүүсү 2-класста окучу экен», — деди ал.
Каза болгон балдар бүгүн, 6-ноябрда жерге берилди.
Булак: turmush