7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү

881

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары —  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев коңшу мамлекеттер менен чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча КРнын Өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү катышты.

Жыйында кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, Өкмөттүк делегация Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүргүзүлөт, атап айтканда, коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

882