7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев футболчуга жарандык документтерин тапшырды

349

Бүгүн, 22-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын Жибек жолу кичи районунун (мурдагы Он-Адыр аймагы) тургуну Оятилло Абдурахимжановго туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Оятилло Абдурахимжанов 2024-жылдын башында Камчыбек Ташиевге кайрылып, Кыргыз Республикасында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, жарандык паспорту да жок экенин билдирген жана ага жардам берүүсүн суранган.

19 жаштагы Оятилло Абдурахимжанов буга чейин чет өлкөлөрдүн биринин футболдук клубунда ойноп келген. Кыргызстанда акыркы кезде футболго реалдуу көңүл бурулуп жатканын эске алып, Кыргыз футбол клубтарынын биринде ойноону кааларын айткан. Учурда Оятилло Кыргызстан жаштар улуттук курама командасынын мүчөсү.

Камчыбек Ташиев жаш оюнчу Оятилло Абдурахимжановду Кыргыз Республикасынын жараны болушу менен куттуктап, мындан ары Кыргыз туусун көтөрүп, спортто ийгиликтерди жаратуусуна тилектештигин билдирди.

 

 

350