7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талантаалы Бакчиев «Манас» академиясынын жетекчилигинен кетти

323

«Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын жетекчиси Талантаалы Бакчиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 22-июнда өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Эске салсак, Манасчы, «Манас» эпосун изилдөөчү, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев «Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти болуп 2021-жылдын декабрь айында дайындалган. Ага чейин академияны коомдук ишмер, маркум Топчубек Тургуналиев жетектеп келген.

324