Бүгүн, 9-августта, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы, КРнын Бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында Бокс ордосунун ачылыш аземине катышты.
Бул спорт ордосунун ордунда буга чейин эски спорт залы болуп, жергиликтүү балдар машыгып келишкен. Спортчулар үчүн керектүү шарттары жок болгон. Ал эми имарат 2005-жылдары ашар жолу менен курулуп, талаптарга жооп берген эмес, эскилиги жеткен.
Машыктыруучу Бакытбек Рыскулов жергиликтүүлөрдүн атынан Камчыбек Ташиевге кайрылып, балдар үчун Бокс ордосун жаңылап куруп берүүсүн суранган.
Камчыбек Ташиевдин үй бүлөсүнүн каржылык колдоосунун негизинде заманбап жаңы Бокс ордосу бир айдын ичинде курулуп, бүткөрүлгөн.
Анда боксчулар үчун жана башка спортчулар үчүн машыгуу каражаттары толугу менен камсыздалган. Жана башка ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Ачылыш аземине жергиликтүү тургундар, аксакалдар катышты. Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып:
«Бул бокс ордосунан дагы бүгүнкү күндө Кыргызстаныбызды буткул дүйнөгө таанытып, Олимпиада оюндарында финалына чыккан Мунарбек Сейитбек уулундай боксчулар көп чыгат деп ишенем. Кудай буюрса, бул ордо жаштарыбыздын, келечек муундун сүйүтүү спорт ордосу болуп калышына тилектешмин…» -деди.
Жергиликтүүлөр жана жаш спортчулар ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди.
Бокс ордосу учурда 200гө жакын спортчуларды машыктырууга ылайыкташып, кабыл алууга даяр. Бокс боюнча КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Бакытбек Рыскуловдун жеке көзөмөлүндө машыгуулар өткөрүлөт.