Бишкектеги бул көчөнүн Садыгалиев көчөсүнөн Тимур Фрунзеге чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери 10-июнда башталып, түндүк тарабы жабылган. Ишти эртерээк бүтүрүү үчүн 25-августка чейин аталган бөлүк толук жабылды.
Мындан тышкары, шаардагы Юнусалиев көчөсүнүн Суеркулов менен Ахунбаевге чейин чектешкен бөлүгү жана Горький көчөсүнүн Кунанбаевден Байтик баатыр көчөсүнө чейин бөлүгүн жабуу пландалып жатканы айтылды.
Мэрия айдоочуларга каттамды алдын ала пландап алууну эскертти.