Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 75 орунга ылайыкташылган заманбап төрөт үйү курулат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, аталган төрөт үйүнө капсула салуу аземи орун алып, ага УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев жогорку кеңештин депутаты Айбек Маткеримов президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров райондук мекеме иш каналардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жеке ишкерлер тарабынан 270 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер аянты даярдалган, курулуш иштерин ӨКМнин Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базасын колго алган.
Курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү аракети көрүлөрү маалымдалып, курулуш иш тыкыр көзөмөлгө алынарын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан баса белгиленди.