7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «2008-жылдан бери бир дагы жаңы салык киргизилген жок»

401

Кыргызстанда 2008-жылдан бери бир дагы жаңы салык киргизилген жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«2008-жылы салыктын сегиз түрү болсо, азыр анын саны жетиге түштү. Ал учурда киреше менен пайда салыгы 10 пайыз болсо азыр дагы ошол бойдон калды. Кошумча нарк салыгы дагы өзгөрүүсүз 12 пайыздык ченде калды. Азыр тескерисинче, жер салыгын президент Садыр Жапаров үч жылга чейин алып койду. Бир дагы салык өзгөрүлгөн жок. Эгер салык өзгөрбөсө, анда акча кайдан түшө баштады? Азыр санариптештирүүнүн артынан товарды ким алып келип, сатып жатканын баарын көрүп жатабыз. Фискалдык саясат туура жүргөндүктөн, салыкчылар жана укук коргоо органдарынын мыйзам чегинде иштегиндиктен акчанын баары бюджетке түшүүдө»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

402