Ош шаарындагы 5- СИЗОдо шектүү өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу 7-каналга ЖАКдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-декабрда адам уурдоо менен айыпталган 38 жаштагы К.У.Ж аттуу жаран Ош ОИИБдин убактылуу кармоочу жайынан которулган. Ал 13-декабрда ачкачылык жарыялаганы тууралуу кызматкерлерге арыз жазган.
Анын айтымында, кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлери ага карата физикалык күч колдонушкан. Ошондой эле, ага коюлган айыптардын баары негизсиз. Шектүү бир нече жолу тамак жегенден баш тарткан.
“2-мартта түнкү саат 23:00 чамасында ал камерада өз жанын кыюуга аракет кылган, бирок аны нөөмөтчү өз убагында байкап, керектүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүгө жетишкен. Бирок, ачкачылыктан баш тартпай кайра улантып жатат. Дарыгерлер анын ден-соолугун текшерип жатышат,”- деп берилет маалыматта.