7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Сокулук районунун акимин кызматтан алууну тапшырды

376

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-мартта, «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын апрель айында Мамлекет башчысы кол койгон «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамда жер мунапысы жарыяланып, өлкө жарандары мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Жергиликтүү бийлик башчыларына тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерин элге берүү  тапшырмасы берилген. 

Бирок жыл жыйынтыгы менен президент Садыр Жапаров бул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш канааттандырарлык эмес экендигин, өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканын белгиледи. 

Ал мындай маселелерди тез арада чечүү үчүн Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана акимдеринин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилгенин эске салды. 

Мамлекет башчы кошумчалагандай, кабыл алынган Мыйзамга карабай, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев аны ишке ашыруу боюнча жетиштүү чараларды көргөн эмес. Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 «кызыл китеп» берилген.

Мындан башка Садыр Жапаров мисал катары Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Бактибек Анаркуловду келтирди, ал жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында ээлеген кызматынан бошотулган. Аламүдүн районунда жер амнистиясына жамынып, эч нерсе курула элек айдоо жерлер трансформацияга түшүп калган фактылар аныкталган.

Бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Президент Садыр Жапаров Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды. 

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды. 

Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пунктун алып салуу маселесин кароону тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

377