7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев «Кара-Мык» чек ара заставасына барды

756

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2-сентябрда Чоң-Алай районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аймактагы Тилек Баатыр атындагы «Кара-Мык» чек ара заставасына барды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Камчыбек Ташиев чек ара заставасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, чек арачылардын күжүрмөн даярдыгы жана материалдык-теникалык базасынын абалын көрүп чыкты.

Аскер кызматкерлери менен жакындан баарлашып, учурдагы шарттар тууралуу толук маалымат алып, чек арачылардын суроо-талаптарын угуп, жеринен ыкчам чечимдерди кабыл алды. Жергиликтүү жетекчилерге тийиштүү тапшырмаларды берип, заставанын чек арачылары үчүн тез арада жаңы турак-жайларды курууну баштоону жана техникалык каражаттарды толугу менен жаңылоону милдеттендирди.

Өлкө жетекчилиги тарабынан чек ара кызматына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын жана мындан ары да чек арачылар өз милдеттерин так аткарышы үчүн зарыл болгон заманбап шарттарды түзүү иши кызуу улантылаарын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757