Эми Кыргызстанды тышкы карызын айтып эч ким коркута албайт. Мындай пикирди өлкөнүн экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев айткан.
Министр ондогон жылдар бою кагаз бетинде эле жазылып турган ири долбоорлор акыркы эки жылда ишке ашканын белгилеген.
«Кумтөр кени кайтарылды. Мурда биз анын пайдасынын 10 пайызын гана алсак, азыр 100 пайызын алабыз, бул — 1,5 миллиард доллар. Өндүрүш үзгүлтүксүз иштеп жатат. Улуттук банкта 50 тоннадан ашык алтын бар. Эми бизди эч ким тышкы карыз менен коркута албайт», — деген ал.
Амангелдиев өлкөнүн экономикасы калыптана баштады деп эсептейт. Ал буга маянанын жогорулашы, инвестиция агымынын көбөйүшү, жумушсуздуктун азайышы жана ишкерлик тармагынын өнүгүүсү далил экендигин билдирди.