Кыргызстанда мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган аскер кызматкери 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө (Мамлекеттик чыккынчылык) каралган кылмышты жасаган деп шектелген КР жараны, запастагы аскер кызматчысы С.Ф.Кнын мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.
Кармалган жаран 8 жылга эркиндигинен ажыратылып, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөйт.