7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча пикирин билдирди

1106

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча пикирин билдирди.

“Ата Мекен” партиясынын лидерине кол салуу болгон эмес, ал кимдир бирөө менен урушуп кеткен. Бул боюнча Ички иштер министрлиги иликтеп жатат. Кол салууга шектелип бирөө кармалды жана бул иш аягына чейин тергелет. Баардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылат”, — деди Ташиев.

Эскерте кетсек, кечээ, 1-декабрда ички иштер органдарына «Park Hotel» мейманканасынын жанында Текебаевдин денесине белгисиз адамдар залал келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Жазык кодексинин 201-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда («Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо») каралган кылмыштын белгилери менен катталды.

Текебаевге кол салуу фактысы боюнча ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облусунун 1998-жылы туулган Э.Ы. аттуу тургуну кармалган.

Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1107