УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик окуясында каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
“Бул кайгылуу күндөрдө ушул жерде каза болгон жарандарга , алардын тууган уруктарына , каза болгон баатыр жоокерлерибизге жана алардын жакындарына көңүл айтамын. Биздин колубузга ата-энелери балдарын тапшырган эле, алар мага бала болуп калган. Мен жоокерлеримди, балдарымды жоготтум. Баатыр жоокерлерге таазим этем. Урматтуу ата-энелер, мен силердин балдарыңарды сактап бере албадым”,— деди Камчыбек Ташиев.
Посмотреть эту публикацию в Instagram