7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев мурдагы машина куруу заводуна барды

185

Бүгүн, 29-майда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы М.В.Фрунзе атындагы 100 жылдык тарыхы бар машина куруучу заводго барды.

СССР тарагандан кийин машина куруу заводунун мүлкү менчиктештирүү программасынын жана мамлекеттик ишканалар секторун реформалоонун негизинде реабилитацияланууга тийиш болгон. 1995-жылдан тартып заводдун ликвидаторлору жоюлуп жаткан заводдун имараттарын жана курулмаларын сатуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, жыйынтыгында заводдун 61,2 гектар аянты талкаланып, жеке менчикке өткөрүлүп берилген.

Бүгүнкү күндө заводдун аймагында 200гө жакын субъект иштейт, алардын бир бөлүгү ар кандай буюмдарды өндүрүү менен алектенет жана бир бөлүгү кампа жайлары үчүн колдонулат.

2023-жылы УКМК тарабынан Фрунзе заводунун жерлерин мыйзамсыз жоюу жана жеке менчикке чыгаруу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, мэриянын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан заводдун аймагын жеке менчикке чыгаруу аракеттерин жараксыз деп табуу боюнча сот органдарына доо арыз берилген.

Буга байланыштуу ишкерлер жана ишканалардын кызматкерлери Ташиевге заводго келип, кырдаал менен таанышып, түзүлгөн кырдаалды чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. УКМК төрагасынын келишине карата заводдун аймагында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү уюштурулуп, бизнес өкүлдөрү менен жеке баарлашууга шарт түзүлдү.

Өндүрүлгөн продукция, материалдар менен таанышкандан кийин Ташиев ишкердик субъекттерин колдоо, аларды криминалдык түзүмдөрдөн коргоо, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан негизсиз кысым көрсөтүүнү токтотуу, ошондой эле заводдун аймагы боюнча доо арыздарды сот органдарында объективдүү кароо зарылдыгы жөнүндө пикирин билдирип, судьялардын көз карандысыздыгын белгиледи.

Ташиев жакынкы келечекте аталган ишканалар өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүп, инфраструктураны жакшыртып, инвестицияларды тартып, өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугун өнүктүрүүгө салым кошоруна ишенимин билдирди.

186