7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Ошто УКМКнын жаңы имаратын ачты

327

Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарында УКМКнын Аскердик контрчалгындоо Башкы башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик башчылары, УКМК ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери УКМКнын Аскердик контрчалгындоо Башкы башкармалыгынын бөлүмүнө биринчи жолу жаңы имарат салынганы маалымдалды. Жаңыланган мекемеде заманбап бардык шарттар камсыз кылынды. Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, мындан ары эми УКМКнын Аскердик контрчалгындоо Башкы башкармалыгы тарабынан өлкөдөгү бардык аскер кызматкерлеринин ички тартибин тыкыр жөнгө салууга катуу аракеттер көрүлөөрүн белгиледи.

«Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасынын негизинде, мамлекетибиздеги бардык аскер кызматкерлерибиздин кызматтык шарттарын жакшыртуу жана материалдык-техникалык базаларын чыңдоо, курал-жарактарын жаңылоо жана кубаттандыруу багытында олуттуу жумуштарды аткардык жана аткарып жатабыз. Эми мындан ары өлкөбүздөгү аскер бөлүктөрундөгү, Куралдуу Күчтөрдөгү ички тартипти бекемдөө жана ирээтке келтирүү, татыксыз, мыйзамды сыйлабаган кадрлардан тазалоо иштери күчөтүлөт…» — деп баса белгиледи.

УКМКнын Аскердик контрчалгындоо Башкы башкармалыгынын 4 -бөлүмү буга чейин Советтер союзу учурунда курулган эски корпуста иштеп келишкен жана эч кандай кызматтык шарттар камсыздалган эмес.

Камчыбек Ташиев жаңы имаратты көруп чыгып, бөлүмдүн жашыл аймагына арча отургузду.

328