7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ая Бапаева: Түркияда көп жылдар бою жашаган кыргыздар кыргыз сапатын унуткан эмес

400

Кыргызстан эл аралык университетинин ага окутуучусу, Стамбул университетинин бүтүрүүчүсү, PhD-доктор Ая Бапаева: Ооганстандын Памир аймагында илгертен жашаган кыргыздар 1979-1982-жылдарда Пакистан аркылуу Түркияга жер которгон жана айылын азыр Улуу Памир деп атайт. Ал айылда 4 миңге жакын кыргыз жашайт, баардыгы болуп Түркияда 6 миңге жакын кыргыз отурукташкан. Түрк өкмөтү Улуу Памирде жакшы мектеп жана турак жайларды куруп берген, ар башка маданият фестивалдары өткөрүлүп турат, Кыргызстан менен дагы байланыштары бар.

Ал жерде жашаган кыргыздар боз үй тигет жана жылкы кармайт, ар башка майрам же башка фестивалдар учурунда көк-бөрү тартат, Түркиянын курама командасында кыргыз жигиттери да бар. Жогорку билим алууга умтулуу күчтүү, Түркиянын ар башка шаарларындагы университеттерде кыргыз кыздары да окуйт. Түркиянын тиги же бул аймагында маданият фестивалдары өткөрүлгөндө, кыргыздар да такай чакырылат жана алар боз үй тигип, палоо басып, ат оюндарын көрсөтүп берет. Бирок кыргыз тили акырындап жоголуп баратат…

401