Камчыбек Ташиев түрмөнүн шартына нааразы болгон саясатчыларга кайрылды.
“Баягы талашып-тартышкан саясатчылар, колунан эч нерсе келбестен тили менен буудай кууругандар, мамлекетти талап-тоноп алып дагы бир ызы-чуу кылам деп, мамлекететте тополоң болуп турса экен деген бардык саясатчыларга мыйзамдын чегинде жазасын колуна беришибиз керек. Башка айла жок. Жакшы сөздү түшүнбөгөндө бар. Мына ошолордун кээ бири айтып жатышат, түрмөдө бизди өтө катуу кармап жана катаал шарттарды коюшат деп. Түрмө алар үчүн мамлекеттен тартып алган пансионаты эмес. Түрмө деген түрмө! Мыйзам бузгандарды тарбиялаш үчүн курулган. Түрмөгө чыдабайбы, анда мыйзамды бузбасын, мамлекеттин тынчтыгына залал келтирбесин”,- деди ал.