Өзбекстандын Энергетика министрлиги 2023-жылдын 1-октябрынан тарта уюмдар жана ири өнөр жай ишканалары үчүн электр энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди көтөрүүнү сунуштады. Өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга 23-сентябрга чейин ачык болот.
Документ отун-энергетика тармагына рыноктук механизмдерди этап менен киргизүүнү камтыйт. Энергетика министрлигинин демилгеси боюнча юридикалык керектөөчүлөр эки топко бөлүнөт. Биринчисине Навои жана Алмалык тоо-металлургиялык комбинаттары, Өзбекстан металлургиялык комбинаты, бул гиганттардын структуралык ишканалары, ошондой эле бюджеттик уюмдар жана насостук станциялар кирет. Алар үчүн октябрдан тарта электр энергиясына болгон тариф 2,2 эсеге — 1 кВт/саатына 450дөн 1000 сумга чейин көтөрүлөт. Ал эми жаратылыш газына бааны 2,7 эсеге- куб метрине 660тан 1800 сумга чейин жогорулатуу пландалууда.
Экинчи группага болсо, калган бардык компаниялар кирет. Алар үчүн дагы электр энергиясы үчүн эки эсе көтөрүлөт — 1 кВт/саатына 450дөн 900 сумга чейин. Бул компаниялар үчүн газ куб метрине 2,3 эсеге — 660тан 1500 сумга чейин кымбаттайт.
Мында калк үчүн коммуналдык кызматтардын баасы өзгөрүүсүз калат: 1 кВт/саат үчүн 295 сум жана жаратылыш газынын бир куб метри үчүн 380 сум. Жарандар үчүн газдын тарифи дагы 1120 сум бойдон калат. Бийлик белгилүү бир шарттарда, мисалы, батирге эсептегичтер орнотулбаса, ресурстардын баасын өзгөртпөйт.
Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов 11-сентябрда журналисттер менен жолугушууда калк үчүн дагы тарифтер 2024-жылдын 1-майынан тарта көтөрүлөөрүн айткан.
Бул газдын жана электр энергиясынын баасына таасирин тийгизет. Анын үстүнө бул күндөн тартып ресурстарды белгиленген “социалдык нормадан” ашыкча керектөөчүлөр үчүн чыгымдардын кескин көбөйүшүн билдирген дифференцияланган тариф киргизилиши ыктымал.
«Мисалы, бассейни, саунасы жана көптөгөн тиричилик техникасы бар үйлөрдө баалар жогорулайт. Азыр калктын 85% айына 300 кВт/саатка чейин электр энергиясын керектейт. Ал эми калган 15% калктын керектеген электр энергиясынын көлөмү ушул 85% калктын электр энергиясынан көп”, — деп түшүндүрдү министр.
Мирзамахмудовдун айтымында, жаңы тартип бийлик өзбекстандык жарандардын үйлөрүн электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыздоодо гана колдонулат.
«Тагыраак айтканда, баа көтөрүлүп, бирок электр энергиясы дагы бир үзгүлтүккө учураса, бул калктын негиздүү нааразычылыгын жаратат. Ушул себептен улам, биз учурда генерацияны көбөйтүү жана тармактарды модернизациялоо боюнча иштерди тездетип жатабыз», — деп баса белгиледи Энергетика министрлигинин башчысы.
Министр келерки жаздан тарта, калк үчүн электр жарыгына болгон баа 1 кВт/саатына — 295тен 450-500 сумга чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин айтты. Ал эми «социалдык норманын» өлчөмү кийинчерээк белгиленет.
Мирзамахмудов ресурстарга болгон тарифтерди либералдаштыруу тууралуу айтып жатып, азыр энергия базар баасында сатылып жатканын, бирок ички керектөөчүлөргө бир топ арзан сатылып жатканын белгиледи. Мамлекеттик бюджеттен жыл сайын тармактын муктаждыктарына 3,4 миллиард доллар субсидия бөлүнөт, бирок алар эффективдүү эмес. Ошондуктан бийлик системаны рынокко жараша өзгөртүүнү чечти, тактап айтканда, ири өнөр жай ишканалары, башка ишканалар жана жеке адамдар үчүн өзүнчө тарифтерди белгилөө жолу менен.
Өзбекстанда акыркы жолу 2019-жылдын август айында газ жана электр энергияга болгон баа көтөрүлгөн. Ошол эле учурда бийлик 2022-жылдын июль айынын ортосунан жана ушул жылдын 1-апрелинен тарта компаниялар үчүн тарифтердин жогорулашын жарыялаган, бирок ал ишке аша элек.