7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлерине жаңы спорткомплексин тапшырды 

858

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгына жаңыдан курулган спорткомплексинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМК башкармалыгынын өздүк курамы жана ардагерлери да күбө болушту.

«Атайын кызматтын кызматкерлери ар дайым ыкчам даярдыкта болушу керектигин, ден соолукту чыңдоо жана спорт менен машыгуу күч тузүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн күнүмдүк талап. Шарттардын жакшыртылышы менен өлкө башчысы тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы талаптар дагы күчөтүлүп жатат», — деп баса белгиледи Ташиев.

Спорткомплекси заманбап спорт жабдыктары менен жабдылып, машыгуу жана ден соолуктуу чыңдоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар камсыздалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

859