7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук милициясына 2 унаа тапшырды 

450

Бүгүн, 9-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгына эки кызматтык автоунаа тапшырды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

«Мерседес Спринтер» жана «Тойота Королла» үлгүсундөгү унааларды Жалал-Абад облустук милициясынын Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери пайдаланат. Ташиев бул унаалар өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан Ички иштер кызматкерлеринин кызматтык шарттарын жакшыртуу үчүн берилгенин, мындан ары Ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын заман талабына ылайык жаңылоого олуттуу көңүл бурулаарын билдирди.

Аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад облустук милициясынын өздүк курамы жана ИИМ ардагерлери катышты.

Ташиев өздүк курам менен жакындан баарлашып, суроо-талаптарын угуп, маселелерди ыкчам чечүү тапшырмасын тийиштүү жетекчилерге милдеттендирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

451