Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев TezJet авиакомпаниянын жетекчилиги менен жолукканын социалдык тармактагы баракчасына билдирди. Жолугушууда Баткен шаарына авиакаттамдын санын көбөйтүү жана авибилеттин баасын түшүрүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон.
«Биздин облус өлкө борборунан эң алыс жайгашкандыктан жол маселеси бир топ эле көйгөйлүү маселе болуп келет. Алдыбызда кыш келе жатат. Ошондуктан борборго автоунаа менен жетүү биздин эл үчүн оор болуп саналат. Кечээ күнү «Тез Жет» авиакомпаниянын жетекчилиги менен жолуктум. Жолугушууда Баткен шаарына авиакаттамдын санын көбөйтүү жана авибилеттин баасын түшүрүү боюнча сөз кылдык. Жыйынтыгында Манас аэропортунан Баткен шаарына бир жумада эки жолу каттам кылып берүүсүн айтышты. Тагыраагы, Баткен шаарына жумасына 2 жолу (шаршемби, жекшемби), ал эми Раззаков шаарына жумасына 3 жолу (шейшемби, бейшемби, ишемби) үзгүлтүксүз каттам жүргүзүлөт.
Буюрса, Бишкек-Баткен багыты боюнча биринчи аба каттам 13-сентябрдан (шаршемби) башталат. Ал эми, авиабилеттин баасы бүгүнкү күнгө чейин 6000 сом болуп келген болсо, мындан ары Баткен шаары жана Раззаков шаары үчүн да 5500 сомго чейин боло турган болду. Ошондой эле, авиакассалардын өздөрүнүн кошумча кызмат акысын кошкондо жалпы авиабилеттин баасы 5750сомго чейин болот. Андан 1 тыйын да ашпашы керек. Эгерде коюлган баадан аша турган болсо, сөзсүз түрдө авиакомпанияга кайрылуусу керек. Мен, «Тез Жет» авиакомпаниянын жетекчилерине жана КРнын ЖК депутаты Сыдыков Бакыт Усеновичке чооң ыраазычылыгымды билдиремин. Ар дайым сапарыңыздар байсалдуу болуп, өлкөбүз өнүгө берсин!»,-деген Алимбаев.