7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
30°C

Камчыбек Ташиев өзбек тарап менен чек ара маселесин сүйлөштү

395

Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары жолукту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 2022-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын Мамлекеттик Коопсуздук Кызматынын төрагасы генерал-лейтенант Абдусалом Азизов жолугушту.

Эки өлкөнүн атайын кызматынын төрагалары биргеликте Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара тилкесиндеги макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты.

Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

396