7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салмагы 17 килограммга чейин түшкөн Кристина Корягина

1414

Россиянын Барнаул шаарында жашаган Кристина Корягина «анорексия» оорусуна чалдыгып, салмагы 17 килограммга чейин түшкөн. Учурда абалы жакшырып, иштеп жаткан учуру.

Кристина Корягина биринчи жолу «Пусть говорят» программасына 2016-жылы чыккан. Анын апасы жардам сурап бул программага кайрылган. Ата-энеси бала кезинде салмагы нормалдуу болгонун жана 9 жашында башка ооруга чалдыгып ага операция жасалганын билдирген. Андан кийин эле ал өтө аз тамактанып, күнүнө бир гана мөмө- жемиш жеп жүргөндүгүн айткан.

Кристина ашыкча салмак кошуудан абдан коркчу. Тамак көп жесем семирип кетем деген сөзүн ата-энеси башында тамаша катары кабыл алган. Алар аны тамактанууга мажбурлашканда, кыз ачууланып урушуп, тамакты жебей табактарды ыргытып жиберчү. Мектепте окуп жүргөндө салмак көп жоготуп баштаганда анын үй-бүлөсү бул чынында ооруга айланып бара жатканын түшүнүшкөн. Апасы кызынын бою узун болуп бирок, салмагы 42 кг болгонуна кабатыр болуп баштаган.

Андан соң дарыгерлерге кайрылышып, бир аз жыйынтык берип жаткандыгы байкалган. Кристина салмак кошуш үчүн атайын диета кармап, анын жардамы менен 53 кг салмакка жеткен. Бирок ал окууга аябай берилип кеткендиктен, мектепти бүтүрүп жатканда ойлоно берип кайра салмагын жогото баштаган. 22 жашында Кристинанын салмагы 17 килограммга түшүп, дайыма алсыз болуп, жүрөгү айланып жеген тамакты аш кыла албай жашап калган. Ошондо бул анорексия оорусу экендигин түшүнүп, өзүн сактап калууга аракет жасап баштаган.

“Пусть говорят” программасына жардам сурап келгенден кийин Кристинаны дарылоого дарыгерлер, диетологдор жана психологдор жардам беришкен. Кайрымдуу адамдар кызды өлүмдөн сактап калуу үчүн үй-бүлөсүнө дайыма акча жөнөтүп турушкан. Кристинага психологиялык реабилитациянын атайын курсу жана аз жана тез-тез тамактанууну камтыган диета жазылып акыры салмагы 27 кг жеткен.

Азыркы учурда акырындык менен салмак кошуп оңоло баштады. Кристина Корягинанын жүзү жана денеси мурдагыдай коркунучтуу болбой калган. Ал азырынча иштеп, активдүү жашоо образын жүргүзө албайт, бирок ал жакында кадимки жашоого кайтып келем деп үмүттөнөт.

“Дагы деле дарыланып жатам. Бардык органдарым өз калыбына келе элек. Мен 2019-жылдан бери инвалидмин. Мунун баары туура эмес тамактангандыктан болду. Салмагым нормага жете элек, бирок салмак коштум жана өлүм коркунучу жок. Учурда канча килограммын аны айтканды жактырбайм, бирок бир нерсени айта кетейин жакшы эле салмак коштум. Мен жашоодон максималдуу ырахат алууга аракет кылып жатам»,- деп “ Изнанки Женщины” телеграмм баракчасында интервью берген.

Ал юриспруденция тармагына кызыгып, учурда үйдөн иштеп баштаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1415